НАТО Орусиянын ыктымал агрессиясына реакция кылуу планын жактырат

  • 1 год мурун

НАТОнун июль айында өтө турган саммитинде Орусиянын аскердик альянска мүчө өлкөлөрдүн бирине ыктымал кол салуусуна реакция кылуу боюнча жашыруун аскердик пландар жактырылат. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

«НАТОнун бул чечими анын стратегиясындагы «фундаменталдык жылыш» болот. Түндүк атлантика альянсы мындай ири масштабдагы пландарды Советтер Союзу тарагандан бери иштеп чыга элек болчу. Анткени постсоветтик Орусияны олуттуу коркунуч катары көрүшкөн эмес. Бирок Украинага кол салгандан кийин НАТОнун лидерлери Орусия менен боло турган ыктымал куралдуу жаңжалга карата план зарыл экенин түшүндү», – деп жазды агенттик.

Мындан тышкары саммитте аймактык пландар кабыл алынып, НАТОнун айрым мүчөлөрү куралдуу күчтөрүн жана логистикасын бекемдөө үчүн көрүлө турган чаралар боюнча сунуштарды алат деп күтүлүүдө.

«Кансыз согуш» мезгилиндегидей ыкчам пландар түзүлөт. Аларда кайсы аймактын коргонуусу үчүн кайсы аскердик бөлүктөр жооп бериши керектиги так көрсөтүлөт», – деп жазды Reuters.

Агенттиктин билдирүүсүндө НАТОнун коргонуу пландарында Украинанын куралдуу күчтөрү эске алынар-алынбасы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты