Нарындын Куланак айылында 2 үйдү сел каптады

  • 2 недели мурун

Нарындын Куланак айылында 2 үйдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунда саат 9:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан сел жүрдү. 2 турак үйдүн короосун (анын ичинен 1 үйдүн жер төлөөсүнө) жана №86 кесиптик лицейдин жылуулук түтүкчөсүн каптап жерге сиңип кеткен.

Ошондой эле 8 гектар көп жылдык чөп айдоо аянтын каптап, жерге сиңип кеткен. Жерине Нарын РМАнын башчысы-акимдин орун басары жана ӨКМдин Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, айыл аймактын 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, Кызыл жарым ай коомунан 5 адам тартылып, тактоо жана сел суулардын нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты