Нарындын ак илбирстери тасмага тартылып калды

Табигый шартта жашаган сейрек кездешүүчү жырткычтарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери коруктун аймагында кароо иштерин жүргүзүп жүргөндө видеого тартып алышкан.

Видеодон үч ак тоону бет алганын көрүүгө болот.

Ак илбирстердин негизги байырлаган аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет. Бул аймактарда жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо иштери сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоодо маанилүү роль ойнойт.

Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символдорунун бири. 2026-жылдын 23-октябрында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Борбордук Азияда алгачкы жолу «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылган. Борбор ак илбирстерди изилдөө, сактоо жана коргоо багытындагы иштерди өнүктүрүүгө багытталган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты