Нарындагы ок атышуу боюнча эки адам камалды

  • 2 года мурун

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атуу боюнча эки адам камакка алынып, дагы бирөө үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Нарын шаардык соту кабыл алганын «Азаттык» радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири эки айга, экинчиси бир айга камакка алынды. Үчүнчү шектүү үй камагына чыгарылды.

Нарындын Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июлдун кечинде ок атылып, алты адамдын жараат алганы кабарланган. Жергиликтүүлөр чатак жер талаштын айынан чыкканын айтышкан.

Нарын облустук милициясынын маалыматы боюнча, айылдын 30-40ка чукул тургуну Бакыт Кыдырмышов аттуу адамдын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинесин өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганын кабарлаган. Бирок ок жегендердин жакындары бул маалыматты четке кагып, окуянын чыгышына Кыдырмышовдорду күнөөлөп жатышат.

Учурда дарыгерлер ок тийген алты адамдын үчөөнүн абалы оор экенин айтышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты