Нарында «Селсаяк» аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралары өттү

  • 2 года мурун

16-17 ноябрь күнү Нарын шаарынын аймагында «Селсаяк» аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган түшүндүрүү иш-чарасынын жүрүшүндө Нарын шаарында жайгашкан жатаканалар, автобекеттер, түнкү клубдар текшерилип, ал жерлерде эс алуучулар, спирт ичимдигин өнөкөт ичкен адамдар жана башкаларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кармалган адамдар фотосүрөткө тартылып, манжа изин тактары алынып, мурда болгон кылмыштарга катыштыгы бар же экендиги текшерилди. Аталган иш-чаранын жыйынтыгында Нарын облусунун аймагында облустун ЖККК тарабынан 14 айдоочуга, жана жөө жүргөн 26 адамга Кыргыз Республикасынын УБЖКде көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча протокол толтурулуп, бузуулардын бирдиктүү реестрине каталган. Мындан сырткары облус аймагында киргизилген операциянын жүрүшүндө дайынсыз адамдар табылып жана кылмыштардын беттери ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты