Нарында салык декларациясын өз убагында тапшырбаган 310 кызматкерлерге айып салынды

  • 2 года мурун

Нарында салык декларациясын өз убагында тапшырбаган 310 кызматкерлерге айып салынды . Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 438-беренесинин негизинде, укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, сот органдарына кароого жиберилген.

Сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары административдик жоопкерчиликке тартылуу менен аларга 930 миң сом айып пул салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты