Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык 1-майда саат 19:47де Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Күчү 3 баллга чейин жетти. Жер титирөө Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты