Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
- 1 год мурун
Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү