Нарында алтын кендин сууга түшүп кеткен кызматкеринин сөөгү муз алдынан табылды

  • 1 год мурун

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда жүк ташуучу автоунаасы менен сууга түшүп кеткен алтын комбинаттын 31 жаштагы жумушчусунун (Ж.А.) сөөгү 7-апрелде муз алдынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМ билдиргендей, кырсык 5-апрелде болгон.

Кырсык болгон жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн суучул-куткаруучулары иштеди. Муздун астынан табылган алтын кен ишканасынын кызматкеринин сөөгү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты