Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

  • 1 год мурун

Нарын облусунун Нарын районунда дайынсыз жоголгон 7 жашар кыздын сөөгү табылып, анын өлүмүнө шектүү катары 64 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде саат 21:00 чамасында милицияга Орто-Нура айылынын А.к.Н. аттуу тургуну кайрылып, 7 жаштагы кызы Ж.А.Ж. ошол күнү саат 12де үйүнөн чыгып, мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү айыл эли чогулуп, издөө иштерин уюштуруп, болжол менен саат 22:10 чамасында аталган айылдагы кароосуз калган үйдүн ичинен кыздын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Орто-Нура айылынын 64 жаштагы Ш.Х. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты