Нарында 47 жаштагы жаран үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болду

  • 2 года мурун

Нарында 47 жаштагы жаранды топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну 1975-жылы туулган Н.А. аттуу эркек киши үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болду. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сөөгүн чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 3 куткаруучу тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты