“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ачылыш аземи болду
- 9 месяцев мурун
Бүгүн, 8-сентябрда, “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ачылыш аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты жана сөз сүйлөдү
“Талас” аэропорту өткөн жылдын май айында ишке берилсе, “Каракол” эл аралык аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылды. “Ош” жана “Тамчы” аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда, “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейүүдө. Быйыл кыргыз авиация тармагында дагы бир жаңы барак ачылды: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Жалал-Абад” эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды” деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы Совет доорунда курулган аэропорттор бир да жолу оңдоодон өтпөгөнүн белгиледи.
-Совет доорунда курулган аэропортторубуз ошончо мезгилден бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Кезинде жашоо турмуш жагдайына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аба каттамы азайып, “Нарын” аэропорту 1999-жылдан тарта ишин токтоткон экен,-деди мамлекет башчы.
“Бул аэропорттордун тейлөө жөндөмдүүлүгү саатына 100 жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Аэробекеттер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары, аэродромду эксплуатациялык абалда кармап туруу үчүн атайын техникалар сатылып алынды. Ачылып жаткан эки аэропорттогу аткарылган иштердин баары “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлгөнүн баса белгилеп айта кетишим керек. Бул компания жогоруда айтылган ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 млрд 175 млн сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар жалпы суммасы 3 млрд 356 млн сомго алынды. Бул биздин авиация тармагыбыздын өз алдынча ийгиликтүү иш алпарып жаткандыгын көрсөтүп турат” деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




