Нарын шаарында балдар оюн-зоок аянты салына баштады
- 10 месяцев мурун
94,2 млн сомго курулуп жаткан жаңы объекти интерактивдүү, өнүктүрүүчү оюн аянты, эс алуу жана күтүү залдары өңдү заманбап шарттары менен курулуп, оюн-инвентарлары менен жабдылат.
Муну менен катар, Нарын шаарындагы коомдук муниципалдык мончонун эски имараты толугу менен бузулуп, ордуна үч кабаттуу 200 орундуу заманбап шарттары жана бассейни менен жаңы коомдук мончо салынып жатат.
Нарынга 11-августта иш сапары менен барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине өз аймактарын көрктөндүрүү, жашоочулардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжал пайдаланып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.
Муну бөлүшүү




