Нарын облусунда 433 ипотекалык батир берилди

  • 5 дней мурун

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Нарын шаарында 216, Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекстери пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, 2026-жылдын аягына чейин өлкөнүн бир катар шаарлары менен райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктай турганын билдирди.

Президенттин айтымында, аймактарга адистерди тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясына 20, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнө дагы 20 кызматтык батир берилет.

Ошондой эле Жумгал районунун Чаек айылында 240 батирлүү турак жайдын курулушу башталганы айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты