Нарын облусуна кар көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 2 года мурун
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүдөн улам Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
ӨКМ учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында беш куткаруучу, бир унаа, бир грейдер, эки жүктөгүч, эки самосвал, бир жүктөгүч тартылганын билдирди.
Мындан сырткары, жогоруда аталган унаа жолдун 265 жана 314-чакырымында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыргандар жок.
Муну бөлүшүү