Нарын менен Ысык-Көлдө 2 жыл аралыгында беш миңден ашык даракты кыюуга мыйзамсыз уруксат берилген

  • 2 года мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлерине беш миңден ашык түп даракты кыюуга мыйзамсыз уруксат бергени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2019-2021-жылдар аралыгында башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпы суммасы 3 млн. 700 миң сомду түзгөн 5 миң 785 түп дарактарды кыюуга мыйзамсыз уруксат бергени аныкталган.

«Натыйжада, экологияга зыян келтирүү менен токойлордун жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн азайышына алып келген», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты