Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери, жооптуу кызматкерлери кармалды

  • 4 месяца мурун

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери 6 миллион сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Республиканын башка аймактарынан келген белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизүү жолу менен, алардын атына катталган банктык карталарга узак убакыт бою (2016-жылдан азыркы учурга чейин) эмгек акылары мыйзамсыз чегерилип келгени аныкталып, алар иш жүзүндө университеттин айрым кызматкерлери тарабынан пайдаланылган.

«Суракка алынган илимдин кандидаттары жана докторлору университет менен эч кандай жумуш үстүндө мамилелери болбогондугун жана аталган окуу жайда окутуучулук жана башка иш-аракеттерди жүргүзбөгөндүгүн (анын ичинде активдүү эмес окуу жүктөмдөрү үчүн), ошондой эле эмгек акы албаганын белгилешти.

ЖОЖдун магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү өздөрүнүн диссертацияларынын темасын жана илимий жетекчилеринин аттарын атай алышпайт, ал эми алардын айрымдары бүтүрүү иштерин акчалай сыйлык менен коргоону оң чечим катары көрсөтүшкөн. Ошондой эле мазмуну окшош бир диссертациялык ишти кайра-кайра колдонуу фактылары аныкталып, мында илимий жетекчи катары ар башка профессорлор көрсөтүлгөн. Кээ бир учурларда акчалай төлөмдөрдү жогорулатуу максатында илимий-изилдөө иштерин башкаруу үчүн окуу жүктөмдөрү (курстук, магистратура ж.б.) КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген ченемдерден тышкары бөлүштүрүлгөн.

Окуу жайдын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске албастан, студенттердин санын көбөйтүү максатында университеттин айрым структуралык бөлүмдөрүн кайра түзүү, билим сапатына зыян келтирип, алардын жетекчилерин жеке материалдык жактан байытуу максатын көздөгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар системалуу мүнөзгө ээ болуп, узак убакыт бою ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын байкабастыгында болуп келген», — деп жазылат маалыматта.

Окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бөлүнгөн жана өздөштүрүлгөн каражаттын алдын ала суммасы 6 миллион сомго жакынды түзөт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.Т., Б.М., Б.Э. жана Ж.А. кармалып, УКЖга камакка алынды, ал эми ЖОЖдун башка кызматкерлеринин көрсөтүлгөн тартип бузууларга катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты