Нарын дарыясына агып кетти деген 6 жаштагы бала изделүүдө

  • 1 неделя мурун

Нарын дарыясына агып кетти деген 6 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда 23-апрель күнү саат 18:50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

23-24-апрель күндөрү издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн жогоруда аты аталган тестиер баланы издөөгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 3 суучул, Таш-Көмүр шаардык ӨКБнүн 12 куткаруучу, ШИИБнөн 9 кызматкер, жоголгон баланын жакындарынан 45 жаран тартылып, Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издөө иштерин жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты