Нарматова башка депутаттар үчүн добуш берип, Жогорку Кеңештин регламентин бузду (Фактчекинг)

Жогорку Кеңештин 14-февралдагы отурумунда «Керемет банкты» (мурдагы «Росинбанкты») Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралды. Депутат Надира Нарматова мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда башка кесиптештеринин «кнопкаларын» басып жүрүп, өзү үчүн добуш берүүгө жетишпей калганын билдирип, демилгени колдой турганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорлорун кабыл алууда отурумда жок башка депутаттар үчүн добуш бере алабы? Дегеле парламенттеги добуш берүүнүн эрежелери кандай? “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү. 

Жогорку Кеңештин регламенти 

Жогорку Кеңештин Баш мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктаган атайын регламенти бар. Азыр күчүндө болгон регламент 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган. Аны Жогорку Кеңештин расмий сайтынан табууга болот

Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун сунуштоодо, добуш берүүдө же парламентте башка иш-аракеттерди жасоодо аталган регламентте көрсөтүлгөн эрежелерди сактоого тийиш. 

Регламенттин 83-беренесинин 3-бөлүгүндө депутаттар добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырары жазылган. Бул жалпы эле добуш берүүдөгү эрежелер. 

Мыйзам долбоорлоруна добуш берүү жөнүндө атайын берене дагы каралган. Регламенттин 84-беренесинин 4-пунктунда “добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат” деп жазылган. Ага ылайык, депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү. 

Демек, Надира Нарматова мыйзам долбооруна добуш берүүдө башка депутаттардын ордуна добуш берүү менен Жогорку Кеңештин регламентин бузган. 

Бул парламенттеги депутаттардын башка кесиптештери үчүн добуш берген биринчи учуру эмес. 

Регламентке ылайык, парламент чечим кабыл алууга укуктуу, жыйналыш мыйзамдуу, ал эми кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ болушу үчүн кворум болушу керек. Буга чейин дагы мыйзам долбоорлорун кабыл алууда отурумда жок депутаттардын добуштары тизмеге кирген учурлар катталган.  

Мисалы, 2023-жылдын 25-октябрындагы парламенттин жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө коюлган. Анда 52 депутат “макул” деп добуш берген. Алардын катарында  “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Гүлшаркан Култаева да болгон. Бирок депутат Дастан Бекешев Култаева иш сапарында болуп, жыйынга келбегенин жана добуш бере алмак эмес экенин жазып чыккан болчу. 

“Керемет Банк”  

14-февралдагы жыйында Министрлер кабинетинин Улуттук банктан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Долбоорго ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Финансы министрлиги «Керемет банктын» 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алат. 

«Керемет Банк» — өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон «Азия Универсал Банктын» активдеринин негизинде «Залкар Банк» түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы «Росинбанк» деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы «Росинбанктын» акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, «Керемет Банк» деген аталыш ыйгарылган.

Жыйынтык: Депутат Надира Нарматова парламенттин жыйынында башка депутаттар үчүн добуш берүү менен Жогорку Кеңештин регламентин бузду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты