«Наристе» фестивалына Румыниядан делегация келди
- 2 недели мурун
Бүгүн, 29-май күнү таңкы саат 4:30да Манас эл аралык аэропортуна VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалына катышуу үчүн Румыниядан делегация келди. Делегациянын курамында румын элинин фольклордук өнөрүн жана маданий салттарын тааныткан 27 катышуучу бар.
Иш сапардын алкагында коноктор Бишкектеги маданий жана тарыхый жайларды кыдырып, мектептерге барышат. Ошондой эле алар үчүн Ысык-Көлгө саякат уюштурулуп, Кыргызстандын жаратылышы жана маданий мурасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
VI Эл аралык «Наристе» фестивалы маданий байланыштарды бекемдөөгө, эл аралык достукту чыңдоого жана балдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.
Муну бөлүшүү




