Өнүгүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу планы талкууланат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7-декабрда Бишкекте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын ишке ашыруу планы талкууланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) программаларынын колдоосу менен уюштуруп жаткан жыйынга эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү дагы катышат.

Анда калкты жумуш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо системасын санарип технологиялардын негизинде реформалоо, билим берүүнү жакшыртуу жолдору, гендер теңчилик маселелери талкууланат.

2026-жылга чейин эсептелген улуттук программа быйыл октябрь айында кабыл алынган. Анда реалдуу жылдык экономикалык өсүш көрсөткүчүн орточо 5% кылуу, тышкы мамлекеттик карызды ички дүң өнүмгө карата 60% ашырбоо, жакырчылык деңгээлин 20% чейин, ал эми жумушсуздукту 5% чейин төмөндөтүү каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты