Мындан ары ID-паспорту «Түндүк» аркылуу алмаштырууга болот

  • 2 года мурун

15-ноябрдан тарта Кыргызстандын жарандары ID-паспортторду «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыра алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ID-паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу 2017-2024-жылдар аралыгында чыккан жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортко ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары алмаштыра алышат. Анткени бул паспорттордо биометрикалык маалыматтар, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоо жана жарандык абалдын актылары боюнча маалыматтар камтылган чип бар. Бул болсо бардык керектүү текшерүүлөрдү онлайн режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Бул кызмат ID сериясындагы биометрикалык паспорту бар жарандарга гана жеткиликтүү. Эгерде сиздин паспорт эски AN сериясындагы паспорт болсо, сиз «Түндүк» аркылуу арыз бере албайсыз. Мындай учурда жаңы паспорт алуу үчүн Калкты тейлөө борборуна кайрылуу керек»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик бул кызматты учурда жарамдуу ID-паспорту бар жарандар колдоно аларын айтып, эгерде ID-паспортту биринчи жолу алып жатсаңыз, анда Калкты тейлөө борборуна кайрылуу керектигин айтты.

ID-паспорт алуу үчүн «Түндүк» тиркемесинде кантип арыз жазуу керек?

  1. «Түндүк» тиркемесин ачып, «ID-картаны алмаштырууга арыз» бөлүмүнө өтүңүз;
  2. Паспортуңузду алмаштыруунун себебин тандаңыз: жоготуп алуу, бузуп алуу, колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү, жаңылоо же жеке маалыматтардын өзгөрүшү;
  3. Өзүңүздүн инсандыгыңызды тастыктоо үчүн сүрөт-идентификациядан өтүңүз — процедура тиркемеде жүзөгө ашырылат;
  4. Сиз үчүн ыңгайлуу аймактык бөлүмдү көрсөтүп, жаңы паспорт бериле турган Калкты тейлөө борборун тандаңыз;
  5. Мамлекеттик алымды төлөө — онлайн төлөм атайын кодду колдонуу аркылуу колдонмо аркылуу жеткиликтүү.

Арыз берилгенден кийин бардык документтер бир-үч күндүн ичинде текшерилет. Документ даяр болгондон кийин арыз ээсине паспорттун даярдыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт.

Даяр документти алуу үчүн сиз арызда көрсөткөн Калкты тейлөө борборуна документтердин түп нускасы өзүңүз барышыңыз керек.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты