Мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы: Эки мурдагы депутат кармалды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусундагы көмүр кенине лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча мурдагы эки депутат — “Ж. уулу А.” жана “М.М.” кармалганын билдирди.

Тергөө маалында бул адамдар коркутуу жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен компаниянын контрольдук акцияларын эч кандай төлөмсүз өзүнө өткөрүп алгандыгы аныкталган. Арыз ээсинин билдирүүсү тастыкталып, тиешелүү кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 31-июлунда шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камалып, мыйзам чегинде айып тагылат. Сот алардын тергөө бүткүчө камакта кармалышын чечти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты