Мыйзамсыз диний үгүт жүргүзгөн чет элдик үч жаранга айып пул салынды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге «Слово божье» (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-үгүт ишине бөгөт койду.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн чет өлкөлүк үч жаран кармалды.

Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты