«Мыйзамсыз чечим». Өмүрбек Бакиров соттун чечимине каршы арызданарын билдирди

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы боюнча Өмүрбек Бакиров билдирүү таратты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«7-июнь күнү Бишкек шаардык административдик соту номер 4 Көк-жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык администрадивдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Мен ишенем адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнолот деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып койуга укугу жок», — деп жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты