«Мыйзамды сакташсын». Президент Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.
Жолугушууда ар тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.
Кыргызстан Кытайды маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана эки өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарына жооп берген пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдоп келерин айтты.
Садыр Жапаров Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды ырааттуу түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканына токтолду.
Муну менен катар бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргызстандын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Сүрөт: Тышкы иштер министрлигинен




