«Мыйзамдуу өлкөдө жашагым келет». Депутат Эрулан Кокулов түнкү клубдагы окуя боюнча үн катты

  • 1 год мурун
«Мыйзамдуу өлкөдө жашагым келет». Депутат Эрулан Кокулов түнкү клубдагы окуя боюнча үн катты

«ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасынын кезектеги чыгарылышынын коногу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов болду.

Ал түнкү клубда болгон окуя тууралуу суроого жооп берди.

«Эл мага көп кайрылат. Алардын баарын бирдей көрөм. Колумдан келген аракеттерди кылам. Клубдар боюнча эки-үч кайрылуу түшкөн. Мисалы, төрт дос бала клубга барып, үчөөсүн киргизип, бирөөсүн киргизбей койгон экен. Мындай нерселер болбош керек. Биз мыйзам менен жашашыбыз шарт. Мен андай ызы-чуу жерлерди көп жактыра бербейм. Бирок ачыгын айтып кетейин мени жаран катары ушундай жерлерден көрүп каласыңар. Анда-санда мен деле андай жерлерге барып турам. Ал жакка досторум менен баргам. Курткам менен кепкама асылышты.

Бул видео боюнча көп комментарийлерди окудум. Кээ бир жарандар түшүнүк менен, айрымдар эреже менен жашагысы келет экен. Мен болсо мыйзам менен жашагым келет. Талаш-тартыш жаралган учурда маселени мыйзам менен чечүү зарыл. Мен иш убактысында депутатмын, жумуштан тышкары мен жаран катары жүргөнгө укугум бар. Мыйзам ошого уруксат берет.

Милиция кызматкерлери биздин укугубузду коргош керек. Мыйзамсыз нерсе болуп жатса милиция чакырганга укугубуз бар. Көбү «сени сабап жатты беле» деп жазып жатышат. Эмне милицияны сабап же өлтүрүп жатканда чакырыш керекпи? Милиция мени клубга киргизе албай койду. Абдан өкүнүчтүү. Милиция менин укугумду коргой албай койгондо жаран, депутат катары дагы жаман болдум», — деди ал.

Эске салсак, социалдык тармактарга депутат Эрулан Кокуловду түнкү клубга кепкасы үчүн киргизбей койгондуктан, ал милиция чакырган видео тараган.

Видеодо Эрулан Кокулов клубга аны кепкасын жана курткасын чечпегени үчүн киргизбей койгонун айткан. Ал милиция кызматкерлерин депутат катары эмес, кыргыз жараны катары чакырганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты