«Мыйзам менен иштегиле». Депутат Бишкек мэриясына кайрылды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айланасындагы бардык маселелер дипломатиялык жол менен чечилиши керек.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутат Дастан Жумабеков айтты.
Ал шаар мэриясын бул окуу жайдын айланасынан жол чыгарууда мыйзамдарды дыкат изилдөөгө чакырды.
Депутат кампус куруунун маанисин түшүнүү керектигин, бул Жогорку Кеңеште мыйзам менен бекитилгенин билдирди.
«Бишкек мэриясы мурда мамлекеттик документтердин негизинде жер бөлүп берген. 2014-жылы кол коюлуп, мыйзам менен бекитилген эң акыркы келишимде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин иштөөсүнүн бардык шарттары жазылган. 18 пункттан жана беренелерден турган бул келишимде университеттин аймагынын айланасында пайда болгон маселелер дипломатиялык жол менен чечилиши керектиги так жазылган»,- деди ал.
Мэрия Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жалдагы кампусунун аймагынан өткөн жол ачууну пландап жатат. Буга каршылыктар көп болууда.
Муну бөлүшүү




