«Мыйзам алдында жооп берет». Ташиев президенттин жана өзүнүн тууганынын кармалышы боюнча үн катты
- 2 года мурун
Кечээ, 19-июлда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун жана өзүнүн туугандарынын кармалышы боюнча үн катты. Ал Ош шаарынын мэриясындагы жыйында сөз сүйлөп жатып, “коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбой турганын” кайталады.
“ Мыйзамды бузуп бирөөнү алдаганы үчүн президенттин эки тууганы камакта отурат. Анын фамилиясы дагы Жапаров Улан деген. «Мыйзам буздубу, жоопко тартылсын» деди. Бир жума болуп калды менин бир тууган бажам отурат. Бир тууган кайнежемдин күйөөсү, ал дагы мыйзам бузган. Мыйзам алдында жооп берет… Мен аким, губернатор, мэр же министрмин, мага тийбейт деген болбойт”, — деди Ташиев.
Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганынын баласы жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы камалганы 17-июлда белгилүү болгон.
Садыр Жапаровдун иниси Ж.У.Р аттуу шектүүгө «алдамчылык» беренеси менен айып коюлган жана УКМКнын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынган.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин бажасынын кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы ырастаган.
“УКМК коомчулукка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын коомчулукка билдирүүнү туура көрдү. Тергөө А.Т.О. Түркия жараны А.С. менен сүйлөшүп алып, алдоо жолу менен жана ишенимден пайдаланып, жергиликтүү ишкердин ири суммадагы акча каражаттарын ээлеп алган. Жабыркаган жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Жакын туугандык мамилеге карабай, УКМК төрагасы К. Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдар боюнча юридикалык баа берүү тапшырмасын берген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.
Малыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. жана А.С. аттуу жарандар кармалган жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Тергөө жүрүп жаткандыгы жана жабыркаган тарапка чыгымды төлөп берүү чаралары да каралып жаткандыгы белгиленди.




