Муздаткычтарды жана тоңдургучтарды жүгүртүүчү субъекттер июлдан тарта ЭТТК колдонууга милдеттүү

  • 2 года мурун

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товар жүгүртүүчү ишкерлер 1-июлдан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасынан каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«ЭТТК» системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинети» аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, «ЭТТК» маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

ЭТТКнын эң негизги артыкчылыгы болуп анын ыкчамдыгы саналат, бул ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ (анын ичинде оңдоп-түзөөчү документ) алмашууга мүмкүндүк берет, буга чейин контрагентке документтерди (кагаз жүзүндө) жөнөтүү бир нече күндү, ал тургай жумаларды талап кылып келген.

Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты