Мушкер Орзубек Назаров УКМКга сурак берип чыкты   

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны мушкер Орзубек Назаровдун «Криминалдык авторитет» «Салимбойвачча» каймана аты менен белгилүү Өзбекстан жараны Салимбай Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 3-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Орзубек Назаров УКМКнын тергөө органдары тарабынан Салимбай Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды.

Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында Салимбай Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

УКМК «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстан ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталды деп, ага издөө жарыяланды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: Kaktus.media

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты