Мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров үйүнө милиция барганын айтып, бийликке кайрылды
- 9 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров үйүнө милиция кызматкерлери барганын айтып, бийликке кайрылды. 22-ноябрдын таңында үйүнө өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган куралчан төрт адам барганын айтты.
Өзү ал маалда үйүндө жок болгон. Анын үйүнө милиция эмнеге барганы тууралуу маалымат бериле элек. Жогорку Кеңештин дагы бир экс-депутаты Шайлообек Атазовдун үйүнө да 22-ноябрда милиция барып, тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу видео да тарады.
Муну бөлүшүү




