Мурда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны Бишкектен кармалды

  • 4 месяца мурун

Мурда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 427-беренесинин (Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чет мамлекеттин жараны 1993-жылы туулган М.М. өз өлкөсүнүн аймагында эл аралык издөөгө жарыяланганы жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБП АОО күч колдоосу менен чет мамлекеттин жараны 1993-жылы туулган М.А. аныкталып, кармалган. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын негизинде, издөөдө жүргөн жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан ары экстрадициялоо жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысына юридикалык баа берүү маселеси чечилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты