Мурда издөөдө Ош ШИИБинин кызматкерлери УКМК тарабынан кармалды

  • 9 месяцев мурун

Мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б, милициянын майору И.И. жана милициянын капитаны Э.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалды. «Ош шаардык ИИБнын ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б. милициянын майору И.И, милициянын капитаны Э.С. жана милициянын майору Ж.у.Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургуну А.у.С.дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкандыгы аныкталды. 26-сентябрда көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана Ош ШИИБнын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Жыйынтыгында акыркысы УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган», — деп жазылат маалыматта.

3-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери, милициянын капитаны Т.Б, милициянын майору И.И. жана милициянын капитаны Э.С. кармалып, Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты