Мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну Д.А. мурда көп жолу соттолгон.

2023-жылдын февраль айында Чүй облусунун тургуну Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «Арыз ээси белгисиз бир жаран “Лексус” же “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү жол тандабас унааларын сырттан айдап келип берем» деген шылтоо менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 17 миң АКШ доллардан жана 100 миң сомдон ашык акчаларын ээлеп алганын айткан. Алдамчылык менен алектенген жаран ар дайым акчаны алуу үчүн жаңы жолдорду ойлоп таап, жабырлануучунун ишенимине ээ болуп, алдамчылык жол менен бир жыл бою акча каражатын алып турган», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

«Шектүүнүн убадасына ишенген аял бардык акчасын берген. Бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылдын май айынын аягында жаран Д.А. издөөгө алынган. Ошондой эле, анын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан башка жарандар да бар. Буга чейинки кылмыш иши башка сотто каралууда.Жогорудагы шектүү жаран унааларды алмаштыруу, сатып алуу, сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштап, жарандардын ишенимине кирип келген. Ал ар дайым “кийинки кардар” менен достук мамиле түзүүгө аракет кылган, андан кийин акчаларын ээлеп алган. Адегенде ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, кийин такыр изин жашырып кетип жүргөн», — деп жазылат маалыматта.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныктап, Бишкек шаарынын аймагынан ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Д.А. мурда бир нече жолу соттолгон, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктады. Иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты