«Мурас» достук мелдешинде «Президенттин администрациясы» жеңүүчү болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-майда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин финалдык оюну өттү.

Финалдык беттеште “Президенттин администрациясы” командасы менен «Жогорку Кеңеш» командасы ойноп, “Президенттин администрациясы” 7:3 эсебинде жеңүүчү болду. Үчүнчү орунду «Алга» командасы ээледи.

Кыргыз футбол бирикмеси менен президенттин администрациясы уюштуруп жаткан оюнга ар тармактын өкүлдөрүнөн турган 12 команда катышты.

2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” командасы ээлеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты