Мунарбек Сейитбек уулунун секунданты спорт департамент директору Айбек Абдымомунов болору айтылды

  • 1 месяц мурун

11-августта Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулунун секунданты министрдин орун басары, спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов болот. Бул тууралуу министрлин орун басары Марат Тагаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Айбек Абдымомунов бокс боюнча жаштар арасында 2003-жылдагы дүйнө чемпиону, 2004-жылдагы Олимпиада катышуучусу.

Финалдык беттеш 11-августта Бишкек убактысы боюнча саат 01:45 өтөт. Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешет.

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев барбай калгандыктан, өзбекстандык машыктыруучулар секундант болуп жатканы маалымдалган. Мушкер Сейитбек уулунун эмне себептен Париж Олимпиадасына барбай калганы социалдык тармактарда талкуу жараткан. Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов түшүндүрмө берген.

«Соцтармактарда Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге барбай калганы тууралуу талкуу болуп жаткан экен. Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок» деди министрдин орун басары Абдымомунов.

9-августка караган түнү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарында бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Ал 57 килограмм салмак ченинде болгариялык спортчу Хавьер Ибаньес Диасты 4:1 эсебинде жеңди.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.

Сүрөттө: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты