Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу неге Олимпиадага барган жок? Министрдин орун басарынын жообу  

  • 1 месяц мурун

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин эмне себептен Париж Олимпиадасына барбай калганы боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов түшүндүрмө берди.

«Соцтармактарда Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге барбай калганы тууралуу талкуу болуп жаткан экен. Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок» деди министрдин орун басары Абдымомунов.

Социалдык тармактарда мушкер Мунарбек Сейитбек уулунунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Олимпиада оюндарына барбай калганы кызуу талкуу жаратууда.  Жеке машыктыруучу Олимпиада оюндарына барып, сүрөп, шык берип турушу керек эле деген өкүнүчтөр айтылууда. Машыктыруучу Беганас Султанбаев шакиртинин таймаштарын теледен көрүп, кубанган видеолору да социалдык тармактарга тарады.

Мушкерге секундант катары өзбекстандыктар жардамга келип жатканы айтылган.

3-августта Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг салмакта) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашып, жарым финалга чыкты. Кийинки жарым финал 8-августта, финал 10-августта өтөт.

Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты