Муктар Джумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Муктар Жумалиев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты