Мухаммад Юнус Бангладештин утурумдук өкмөт башчысы болду

  • 1 месяц мурун

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус Бангладештин утурумдук өкмөт башчысы катары ант берди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Мындан үч күн мурун Бангладешти 15 жылдан бери башкарып келе жаткан премьер-министр Шейх Хасина студенттер баштаган наараазчылык акцияларынан улам кызматтан кетип, Индияга чыгып кеткени айтылган эле.

«Юнусту премьер-министрликке дайындоо чечими президент Шахабуддин Чуппу армия жетекчилиги жана студенттердин лидерлери менен жолугушкандан кийин кабыл алынган. Жаңы кабинетке өкмөткө каршы акцияларды жетектеген эки студент кирди»,- деп айтылат Азаттыктын маалыматында.

Маалыматта айтылгандай, «Мухаммад Юнус Даккадагы аземде «өлкө Конституциясын коргорун жана жаңы милдеттерин чын дилинен аткара турганын” айткан. Ошондой эле, Бангладеш «экинчи жолу көз карандысыздык алганын” айтып, мыйзамды, тарипти калыбына келтирүүгө чакырган».

Эскерте кетсек, жекшемби күнү өкмөттү 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Шейх Хасинанын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингчилер менен полициянын ортосунда кайрадан кагылышуу болуп, кеминде 90 киши каза болгону, алардын 13ү күч кызматкери экени кабарланган. Жалпысынан нааразылык акциясы башталгандан бери өлкөдө 280ден ашуун киши каза тапты.

Июнь айында жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

Мындан улам өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды кайрадан жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөрү айтылган. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугандары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот деп жарыяланган. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана «үчүнчү жыныс» өкүлдөрүнө берилери белгиленген.

Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Нааразылык уюштурган студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү да талап кылышкан.

Сүрөттө: Мухаммад Юнус, интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты