Мугалимди “сыйлабаган” окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу долбоору Орусиялык мыйзамдын көчүрмөсүбү? Текшеребиз

22-июнь күнү “24.kg” маалымат агенттигинде “Мугалимди кемсинткендер үчүн айып пул салуу мыйзамы Орусиядан көчүрүлгөн” деген маалымат жарыяланган. Анда бул тууралуу юрист Клара Сооронкулова анализ жүргүзүп, ушундай бүтүмгө келгени айтылган. 

Мугалимди “сыйлабаган” окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу долбоору Орусиялык мыйзамдын көчүрмөсүбү? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Мугалимдерди “мазактагандарга” карата сунушталган мыйзам долбоору 

22-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов “Укук бузуулар кодексине” өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташкан. 

Мыйзам долбоору парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда мугалимдерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө тартиптери жазылган.

Ага ылайык, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү жана башка) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мугалимди “сыйлабаган” окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу долбоору Орусиялык мыйзамдын көчүрмөсүбү? Текшеребиз

Укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат.

Белгилүү болгондой бул мыйзам долбооруна депутаттардын 63ү “макул”, 10у “каршы” деп добуш беришкен.

Орусиянын “Мугалимдерге урматсыз мамиле кылуу” мыйзам долбоору 

2020-жылы Бүткүл Орусиялык профсоюздун эксперттери “Педагогикалык кызматкерлерге урматсыз мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө бөлүгүндө Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдашкан.

Аталган мыйзамда мугалимдин ар-намысына шек келтиргени үчүн 2000 рубльдан, юридикалык жактар үчүн 100 миң рубльга чейин айып салуу каралган. Ачык булактарда айтылгандай, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги жаңы айып пулдардын жана тыюулардын киргизилиши мектептерде ыңгайлуу психологиялык шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бербейт деген жүйө менен мыйзам долбоорун колдогон эмес. 

Башкача айтканда буга чейин анологиялык мыйзам Орусияда сунушталган. 

Тексттин уникалдуулугун салыштырып көргөндө Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мыйзам долбоору менен Орусиянын мыйзам долбоору 3% окшош экенин көрүүгө болот. 

Мугалимди “сыйлабаган” окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу долбоору Орусиялык мыйзамдын көчүрмөсүбү? Текшеребиз

Башкача айтканда, мыйзам долбоору жана маалымкат негиздемеси Орусиянын сайтынан толук көчүрүлгөн эмес. Бирок, айып пул салуу механизмдери Орусиянын мыйзам долбоору менен окшош. 

Долбоордун талаштуу тарабы

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган “Мугалимдерди мазактоого каршы” долбоорунун Конституцияга жана БУУнун Балдар конвенциясына каршы келе турганын аныктап чыккан. 

Ага ылайык долбоор БУУнун Балдар конвенциясынын 3-беренесине каршы келе турганы белгилүү болгон. 

Анткени, балдарга карата бардык аракеттерде мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат деп жазылган. Ал эми сунушталган мыйзамда баланын укуктары көп эске алынган эмес. 

Кыргыз Республикасы бул конвенцияга 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII токтому менен кошулган. 

Жыйынтык: “Мугалимди кемсинткендер үчүн айып пул салуу мыйзамы” Орусияда буга чейин сунушталып колдоо тапкан эмес. Кыргызстандагы сунушталган мыйзам сөзмө-сөз Орусиядан көчүрүлгөн эмес, бирок айып пул салуу жөнүндөгү демилгелери окшош. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты