Бишкекте мугалимдердин спартакиадасы өтүүдө

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарында жалпы билим берүү жана кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдору арасында өтүп жаткан «Ден соолук» спартакиадасынын шаардык этабынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мелдешке райондук баскычта жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командалар катышып, шахмат, тогуз коргоол, ордо, стритбол, волейбол, кичи футбол жана стол тенниси боюнча күч сынашууда.

Спартакиада 14-июнга чейин уланат. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын курама командасы түзүлүп, Ысык-Көлдө өтө турган республикалык этапка катышат.

Иш-чаранын алкагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 12 мугалим жана спорт инструктору сыйланып, Эрлан Атабаевге «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты