Муфтият жаңы имаратын курууга Матраимовдор демөөрчүлүк кылып жатканын ырастады

  • 2 года мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратын курууга Райымбек Матраимов жетектеген «Исмаил-Ата» фонду демөөрчүлүк кылууда. Бул маалыматты муфтияттын басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна ырастаган.

Маалыматка караганда, муфтият өзүнүн имаратын ижарага алып отургандыктан, жаңысын куруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылган.

«Муфтият кеңсени ижарага алып отурат. Ошондуктан жаңы имаратты курууга бир жылдан бери фонддорго, ишкерлерге кайрылып келгенбиз. Жаңы имарат быйыл бүтөт. Азырынча бир эле ишкер демөөрчү болууда. Мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес, ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат», — деп билдирген муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

«Азаттык» билдиргендей, курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынган. Ал эми жаңы имаратты курууга канча каражат жумшалары, анын долбоору тууралуу маалымат айтылган эмес.

30-августта Исмаил Матраимов атындагы «Исмаил-Ата» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынганы тууралуу кабарлаган. Ага муфтий Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров жана диний кызматкерлер катышканы айтылган. Имарат Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине кошуна салынып жатканы белгиленип, капсула салып жаткан сүрөттөрдү жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты