МПИ: Балдарга камкордук көрүүгө жамынып, парламент цензура орнотууга дагы бир мыйзам долбоорун кабыл алды

Медиа Полиси Институту Жогорку Кеңеште балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо тууралуу мыйзам долбоору бул балдарга камкордук көрүү аракетине жамынып, цензура орнотууга шарт түзүү экендиги боюнча билдирүү жасады. Президент Садыр Жапаровго кайрылып,  бул мыйзам долбооруна кол койбоону жана аны кайра иштеп чыгууга жөнөтүү керектигин белгиледи    

22-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жоруктар жөнүндө кодекске жана “Жоруктар жөнүндө кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар», «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө») өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бул мыйзам долбоору цензураны орнотуу үчүн, жарандардын маалыматка жетүүүүсүн өзүм билемдик менен чектеген дагы бир административдик рычаг болуп саналат.

Ал эми балдар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүнүн бул аракетипопулизм жана катуу иштеп жаткан түр көрсөтүү болуп саналат.  

“Биз коомчулуктун көңүлүн мыйзам долбоорунун шашылыш кабыл алынгандыгына бурабыз, анда талаптагыдай парламенттик угуу өткөрүлгөн жок жана мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун бекитилген эрежелери сакталган жок, ал эми мыйзам долбоорунда аткарылуучу ченемдердин мазмуну так жана даана берилген эмес деп айтылат МПИ билдирүүсүндө

“Ошого байланыштуу мыйзам долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан бул тармактагы эксперттерди тартуу, эл аралык укуктук ченемдерге, эл аралык практикага шайкеш, жеткире иштеп чыгыш үчүн кайра кайтарылышы керек.  Ал парламенттик угууларда каралып. мыйзам долбоорун талаптагыдай кабыл алуунун процедураларынан өтүшү керек”.

Мыйзам долбоору шашылыш, парламенттик угуу өткөрүлбөстөн кабыл алынган     

Мыйзам долбоорлоруна жалпы талапты аныктаган “Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу” мыйзамга ылайык, мыйзам долбоорунун окууларынын арасындагы убакыт 10 күндөн кем эмес жана 30 жумушчу күндөн (мыйзамдын 53-беренеси) ашык болушу керек эмес. 2023-жылдын 19-майында  Жогорку Кеңеште катталган Жамиля Исаеванын мыйзам долбоору биринчи окууда 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган. Ал эми 2023-жылдын 21-июнунда мыйзам долбоору  дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Ошентип, парламент мыйзам долбоорун  кабыл алуунун шарттарын, экинчи жана үчүнчү окуунун ортосундагы 10 күн болушун шарттаган талапты аткарган эмес.       

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окууда бир кабыл алуу же үч окууда дароо кабыл алуу шарттары да мыйзамда каралган, бирок мында профилдик комитеттердин оң корутундусу болушу керек.   

Ошол эле кезде мындай шарт социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга, өзгөчө абалды кабыл алуудагы укук тартиби жана коопсуздукка байланыштуу, өзгөчө кырдаал учурунда, мыйзам ченемдерди Конституцияга шайкеш келтирүү, учурдагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамга шайкеш келтирүүдө, редакциялык оңдоп-түзөтүүлөр учурунда, мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги тексттерин шайкещ келтирүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоодо, кредиттик макулдашууларда колдонулат.

Ал эми депутат Жамиля Исаеванын мыйзам долбоору аталган шарттарга туура келбейт.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде долбоордун автору Исаева Конституция ченемдеринен цитата келтирген, анда балдардын рухий жана нравалык өсүшү тууралуу айтылган, бирок конкреттүү мисал келтирген эмес.

Натыйжада мыйзам долбоорун шашылыш түрдө кабыл алып, депутаттар процедуралык маселелерди жөнгө салган нормаларды, “Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу” мыйзамды бузган.  

Meta менен кызматташуу

Чет өлкөлүк тажрыйба жана Meta менен кызматташуу шылтоосу адаштырууга алып келери белгиленди.  

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эл аралык тажрыйба, алсак Улуу Британия, Германия, АКШ, Канада, Кытай, Иран, Грузия, Украина, Латвия, Литва, Россия жана Казакстандын мисалдары балдарды алардын ден соолугуна жана өсүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан сактоо катары көрсөтүлгөн.  Бирок автор алгылыктуу тажрыйбанын мисалын көрсөткөн эмес жана балдарды зыяндуу маалыматтардан кантип сактоонун натыйжалуу ченемдерин көрсөткөн эмес. Улуу Британияда 2018-жылдан бери Интернеттеги коопсуздук тууралуу маселе талкууланып келет, бирок мыйзам ушул убакка чейин кабыл алынган эмес.    

Балдардын Интернеттеги коопсуздугу маселеси көпчүлүк өлкөлөрдө талкууланып келет, дебаттар көбүнчө онлайн-платформаларды жөнгө салуу багытында жүрүүдө. Ошол эле учурда контентти өчүрүүдө социалдык түйүндөр коммуникация саясатын жана улуттук мыйзамдарды, эң башкысы адам укугу жаатындагы эл аралык ченемдерди сактоону эске алышы керек.   

Биздин мамлекеттик органдар ойлогон оюн аткарылган нерсе катары көрүп алышты окшойт, себеби алар айрым социалдык тармактагы кээ бир баракчаларды Meta компаниясынан бөгөттөөгө уруксат алабыз дешет.     

Контентке тыюу салуу

Кандай контентке тыюу салуу чечимин атайын орган өз алдынча кабыл алаары айтылат.

Бул веб-сайттарды да мүмкүн эмес абалга алып келет: кайсы контент балдарга зыян алып келээри так аныкталбагандан кийин, балдар темасына арналган бардык талкуулар цензурага кабылат

Медиа Полиси Институту бул мыйзам долбоору социалдык тармактардагы кибербуллинг же порнография маселесин чечпей турганын белгилейт.

Бул мыйзам долбоору балдардын Интернеттеги коопсуздугун чече албайт, ошол эле учурда ал маалыматка жетүү булагынан ажыратат.

“Албетте, балдардын Интернеттеги коопсуздугу бул азыркы учурдун көйгөйү, бирок бул мыйзам долбоору дагы бир маселе жаратат, ЖМКга, маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр операторлоруна, блогерлерге жана жөнөкөй жарандарга дагы бир чектөө алып келет.

Ооба, балдарды аларга зыян алып келе турган маалыматтардан коргоо керек, бирок кабыл алынган мыйзам долбоору балдардын коопсуздугун камсыздабастан, чоңдорго цензура киргизет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты