Москвадагы теракт: Ок чыгарууга шектүүлөр тажик жарандары экени айтылууда

  • 4 месяца мурун

Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында теракт уюштурууга шектелгендер тажик жарандары экенин бир катар орус басылмалары жазды.

Телеграмдагы «Baza» каналынын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн жеке маалыматтары аймактагы бардык полиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү. Алардын жанында курал-жарак жана жарылуучу заттар болушу мүмкүн экени айтылды.

22-мартта Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кандуу кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 60тан ашты. Ал эми жабыркагандардын саны 145ке жетти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Министрликтин маалыматында, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты