Москвадагы терактта набыт болгондордун саны 60тан ашты

  • 1 месяц мурун

Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кандуу кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 60тан ашты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдиргенин ТАСС жазып чыкты.

«Алдын ала аныкталгандай, теракттын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болду. Террордук актынын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде Орусиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү, криминалисттери жана эксперттери ИИМ жана ФСБ кызматкерлери менен биргеликте тергөө амалдарын улантып жатат.

“Окуя болгон жерден буюм далилдери, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарылар алынды, бардык тиешелүү экспертизалар, анын ичинен генетикалык, баллистикалык жана манжа изинин экспертизалары дайындалып, жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындан тышкары, видеокөзөмөл камераларынан видеолорду изилденүүдө.

22-мартта Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Министрликтин маалыматында, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты