Москвада Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгону кабарланды

  • 1 день мурун

Кремлдин жанында, 900 метрде, “Романов- двор” бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болду. Анын натыйжасында бир киши каза болуп, кеминде экөө жаракат алганы кабарланды.

Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

РБК маалымдагандай, кеңсеге Владислав Бакальчук мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирген.  

Shot телеграм-каналы беш киши жаракат алганын жазды.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Татьяна Бакальчук бул окуяны комментарийлеп, анын күйөөсү Владислав Бакальчук жана бир нече киши Wildberries кеңсесине куралчан келип, компанияны басып алууга аракет кылганын айтты.

Ал эми Владислав Бакальчук кеңсеге сүйлөшүүлөргө келгенин, ал жактан компаниянын күзөт кызматы менен “куралдуу кагылыш” болуп кеткенин билдирди.

Татьяна Бакальчук бул окуяны “рейдерлик басып алууга аракет” деп, куралдуу топ киргидей, эч кандай сүйлөшүүлөр тууралуу макулдашуу болгон эместигин айтты.   

Москвада Wildberries компаниясынын кеңсесиндеги атышуу боюнча 10 киши кармалганын РИА-Новости жазды.

Сүрөт: Mash телеграм-каналы

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты