Москвада сот Юлия Навальнаяны сыртынан камакка алды

  • 2 месяца мурун

Москванын Басман райондук соту Human Rights Foundation укук коргоо уюмунун жетекчиси жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальнаяны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

Навальная «экстремисттик топтун ишмердүүлүгүнө катышкан» деп айыпталууда. Эки айлык мөөнөт ал Орусияга экстрадицияланган же өлкө аймагында кармалган күндөн тарта эсептеле баштайт.

Москва сотторунун басма сөз кызматы Юлия Навальнаяга издөө жарыяланганын да билдирди. Ошол эле маалда «Медиазона» басылмасы ИИМдин издөөдөгү адамдардын тизмеси жарыяланган базасында Навальнаянын аты-жөнү жок экенин кабарлады.

«Ошондой эле Москва сотторунун сайтында Басман райондук сотундагы отурум жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ачык өткөн сотко эч ким көз салбасын деп бул маалыматтар атайылап жашырылган болушу мүмкүн» деп жазды басылма.

Тагылган айып боюнча Алексей Навальныйдын жесири алты жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

«Х» социалдык түйүнүнө пикирин жазган Юлия Навальная Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сынга алып, аны кезектеги жолу «аскердик кылмышкер жана адам өлтүргүч» деп атады.

Бүгүнкү күндө Юлия Навальная күйөөсүнүн чет өлкөлөрдөгү тарапташтары негиздеген Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү фондунун байкоочу кеңешин жетектейт.

Июлдун башында ал орусиялык оппозиционер Гарри Каспаров жетектеп келген Human Rights Foundation (HRF) аттуу эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы болгону кабарланган.

Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду менен анын шайлоо штабдары Орусияда «экстремисттик жана террористтик уюмдардын» тизмесине киргизилип, алардын белгилерин колдонууга тыюу салынган.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, «Коррупцияга каршы фонд» түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Орусиянын алыскы аймактарынын биринде түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон. Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы ал өзү каза болгонун билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек.

Сүрөттө: Юлия Нвальная. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты