Москвада сабалган 11 жаштагы кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда

  • 2 года мурун

Москвада сабалган 11 жаштагы кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖМКда кеңири тараган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө.

22-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышканы белгиленет. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты