Москвада мекендешинен опузалап акча талап кылган кыргыз жараны кармалды

  • 1 год мурун

Москвада мекендешинен опузалап акча талап кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы кыргыз жараны кайрылып, жеке мүнөздөгү материалдарды коомчулукка таратам деп коркутуп, көптөн бери акча каражатын талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.

«Анын айтымында, мурунку жигити жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн. Ал кыз 2022-жылдын ноябрь айынан баштап сүрөттөрү ачыкка чыгып кетишинен коркуп, көп убакыттан бери акча каражатын которууп турган, ал эми опуза талап кылган адам 5 ай бою акча каражатын айлык катары тынымсыз алып келген. Арыз Орусиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Троицкий жана Новомосковск административдик округу боюнча Ички иштер башкармалыгына катталган», — деп жазылат маалыматта.

28-апрелде 2001-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Д.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, ал опузалап акча талап кылган мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү ушундай жол менен опузалап 66000 рубль акча каражатын алган.

Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты